Жаңылыктар

Садыр Жапаров: “Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун"
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: “Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун"

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөлөрү жана грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбековду Парижде (Франция) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

"Коло медаль алсаңар да элиңер, Кыргызстаныңар силерди алтын уткандай жакшы көрөт. Андыктан, көңүлүңөрдү чөгөрүп башыңарды ийбегиле! Эң негизгиси эли-журтуңардын сыйынан, сынынан кетпесеңер болду. Алтын медалдын артык алтын башыңар аман болсун!", - деп белгиледи Мамлекет башчы.

Президент спортту жакшы билген адам катары ар дайым эле жеңиш боло бербестигин түшүнөрүн жана татыктуу жеңилгенди да билиш керек экендигин баса белгиледи. Ал кыргыз балбандары Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде гана эмес, бүт дүйнөгө таанымал экендигин эскертти.

"Айрыкча силерди грек-рим күрөшүн көркүнө чыгарган чыгаан балбандар катары жакшы тааныйт, жалпы сыйлайт. Мына ушуну унутпагыла! Дүйнө жүзүнөн мыктылардын-мыктысы иргелип, тандалып отуруп, күч сынашкан бул Олимпиада оюндарында 3-орун дагы барктуу орун. Ошондуктан коло медаль алып калдым деп капа болбошуңар керек. Баары Кудайдын колунда. Шүгүрчүлүк келтирип, сабырдуу болсок, алдыда дагы далай кыл чайнашкан беттештер турат. Мына ошолорго даярданып, мыктылыгыңарды далилдеп, алтын медалдарды багындырышыңар керек. Муну силерден жалпы журтуңар чыдамсыздык менен күтөт",- деп кошумчалады Президент Садыр Жапаров.