Жаңылыктар

Бекзат Алмаз уулу чейрек финалга чыкты
Күрөш
Бекзат Алмаз уулу чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 8-августта Париж Олимпиада оюндарында Бекзат Алмаз уулу килемге чыкты.

Кыргыз балбаны 1/8 финалда эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак ченинде күч сынашты.

Кыргызстандык спортчу Казакстандын балбаны Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Бекзат Алмаз уулу 24 жашта. 2022-жылы Кыргызстанды эл аралык аренада чоңдор арасында тааныта баштаган. 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү; 2023-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталган.