Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазаревдин атаандаштары аныкталды
Күрөш
Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазаревдин атаандаштары аныкталды

Парижде өтүп жаткан Олимпиадада 9-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазаревдин алгачкы атаандаштары аныкталды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынаша турган Айсулуу Тыныбекова биринчи беттешин нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен каршы өткөрөт.

Эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта чыга турган кыргызстандык балбан Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен күрөшөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.