Жаңылыктар

Амантур Исмаилов атаандашынан жеңилип калды
Спорт
Амантур Исмаилов атаандашынан жеңилип калды

Бүгүн, 8-августта Париж Олимп оюндарында Амантур Исмаилов коло медаль үчүн беттешке чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, азербайжандык Хасрат Жафаровдон 8:0 упай менен жеңилип калды.

Кыргызстандык балбан беттештерин 1/8 финалдан баштап, Грузиянын спортчусу Рамаз Зоидзени мөөнөтүнөн мурда 12:1 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда Исмаилов украиналык Парвиз Насибов менен килемде жолугуп, 7:6 упай менен жеңишти колдон чыгарып жиберген.

Украиналык спортчу финалга чыгып, Исмаиловго коло медаль үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк берилген. Көңүл жубатуучу мелдеште сербиялык Мате Немешти 8:0 упай менен убактысынан эрте жеңген.