Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу атаандашын жеңди, эми алтын медаль үчүн күч сынашат
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу атаандашын жеңди, эми алтын медаль үчүн күч сынашат

Бүгүн, 9-августта Париж Олимпиада оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалда беттешти.

Кыргыз мушкери атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен күч сынашып, финалга чыкты. Мунарбек Сейитбек уулу эми алтын медаль үчүн беттешет.

Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга өткөн. Кийинки баскычта америкалык спортчу Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыккан.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.