Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы 22 жаштагы нигериялык балбан
Күрөш
Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы 22 жаштагы нигериялык балбан

Кечээ, 8-августта Париж Олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча спортчулардын атаандаштарын аныктоо үчүн чүчү кулак кармалды. Анда Айсулуу Тыныбекова менен нигериялык Эстер Колаволе килемге чыгары белгилүү болду.

22 жаштагы Эстер Колаволе Африканын чемпиону (2020, 2024), Африка оюндарынын алтын медалынын ээси (2023).

Айсулуу Тыныбеков бүгүн, 9-августта кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 62 килограмм салмакта килемге чыгат.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.