Жаңылыктар

Айаал Лазарев атаандашы менен мурун да беттешкен
Күрөш
Айаал Лазарев атаандашы менен мурун да беттешкен

Кечээ, 8-августта Париж Олимпиадасында эркин күрөш боюнча спортчулардын атаандаштарын аныктоо үчүн чүчү кулак кармалды. Андан 125 кг салмакта килемге чыга турган кыргызстандык балбан Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен менен беттешери белгилүү болду.

23 жаштагы Амир Хоссейн Заре менен Айаал Лазарев ушул жылдын апрель айында Бишкекте өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күч сынашкан. Анда чечүүчү беттеште ирандык балбан 11:0 эсебинде жеңишке жеткен.

 Амир Хоссейн Заре Токио-2020 Олимпиадасынын коло байге ээси, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2021, 2023), Азия оюндарынын чемпиону, Азия чемпиону.

Айаал Лазарев бүгүн, 9-августта эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта килемге чыгат.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.