Жаңылыктар

Айаал Лазарев алгачкы атаандашынан утулуп калды
Күрөш
Айаал Лазарев алгачкы атаандашынан утулуп калды

Бүгүн, 9-августта Париждеги Олимп оюндарында Айаал Лазарев килемге чыкты.

Ал эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта беттешти. Кыргызстандык балбан ирандык спортчу Амир Хоссейн Зареден 5:0 эсебинде утулуп, чейрек финалга чыга албай калды.

Эске сала кетсек, 23 жаштагы Амир Хоссейн Заре менен Айаал Лазарев ушул жылдын апрель айында Бишкекте өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күч сынашкан. Анда чечүүчү беттеште ирандык балбан 11:0 эсебинде жеңишке жеткен.