Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова жарым финалда
Күрөш
Айсулуу Тыныбекова жарым финалда

Бүгүн, 9-августта Париж Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалда килемге чыкты.

Ал кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 62 килограмм салмак ченинде күч сынашты.

Кыргыз балбан кызы АКШлык Кайла Миракл менен күрөшүп, упай 6:6 болду, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу тарапта болгондуктан жеңишке жетти. Эми жарым финалда күрөшөт.

Буга чейин ал 1/8 финалда нигериялык Эстер Омолайо Колаволени 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

2021-жылы Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова Кайла Мираклды утуп, алтын медаль тагынган.