Жаңылыктар

Эрназар Акматалиевдин атаандашы – Дүйнө чемпиону Исмаил Мусукаев
Күрөш
Эрназар Акматалиевдин атаандашы – Дүйнө чемпиону Исмаил Мусукаев

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин Олимпиада оюндарындагы алгачкы атаандашы аныкталды.

Мекендешибиз бүгүн, 10-августта эркин күрөш боюнча мелдеште 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Чүчү кулак кармоо учурунда Эрназар Акматалиевдин биринчи атаандашы спортчу Исмаил Мусукаев болору белгилүү болду.

Беттеш бүгүн, 10-августта саат 15:30да болот.

Исмаил Мусукаев – орусиялык жана венгриялык эркин күрөшчү. Ал дүйнөлүк чемпионаттын эки жолку коло медалынын ээси, Дүйнө чемпиону (2023), Европа чемпиону (2022), Орусия чемпионатынын бир нече жолку күмүш медалынын ээси. 2019-жылдан бери Венгрия курама командасынын намысын коргоп келет.