Жаңылыктар

Айпери Медет кызы жана Эрназар Акматалиев бүгүн 1/8 финалда күрөшөт
Күрөш
Айпери Медет кызы жана Эрназар Акматалиев бүгүн 1/8 финалда күрөшөт

Кыргыз балбандары Айпери Медет кызы Жана Эрназар Акматалиев бүгүн, 10-августта Олимпиадада беттешке чыгышат.

Айпери Медет кызы 1/8 финалда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Атаандашы кытайлык спортчу Ван Цзюань.

Ал эми Эрназар Акматалиев 1/8 финалда эркин күрөш боюнча мелдеште 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Атаандашы Венгриянын сполртчусу Исмаил Мусукаев.

Мелдеш саат 15:30да башталат.