Жаңылыктар

Айпери Медет кызы кытайлык балбан менен беттешет
Күрөш
Айпери Медет кызы кытайлык балбан менен беттешет

Париждеги Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызынын алгачкы атаандашы Кытайдын спортчусу болду.

Мекендешибиз 10-августта 1/8 финалда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Айпери Медет кызы Кытай спортчусу Ван Цзюань менен беттешет.

Мелдеш бүгүн, 10-августта саат 15:30да болот.

Ван Цзюань — кытайлык эркин күрөшчү, Азия оюндарынын жана Азия чемпионаттарынын, команданын курамында дүйнө кубогунун жеңүүчүсү.