Жаңылыктар

Бүгүн Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттешке чыгат
Күрөш
Бүгүн Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Бүгүн, 10-августта Париж Олимпиада оюндарында Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Ал эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмак категориясында канадалык Амарвир Деси менен беттешет.

Бул беттеште кыргыз балбаны Айаал Лазарев жеңишти камсыздаса, ага коло медаль үчүн күрөшүүгө жол ачылат.

Кыргызстандык балбан беттештерин 1/8 финалдан баштап, анда Ирандык балбандан утулуп калган. Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды.