Жаңылыктар

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт
Күрөш
Бүгүн Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. Ал кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 килограммга чейинки салмакта коло медаль үчүн күч сынашат. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.

Эске салсак, Тыныбекова 1/8 финалдык беттеште нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшүп, аны 5:1 упай менен жеңип, чейрек финалга чыккан.

1/4 финалдык беттеште АКШлык Кайла Миракл менен күрөшүп, упай 6:6 болгон, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу тарапта болгондуктан жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми жарым финалдык беттеште 26 жаштагы украиналык Ирина Коляденко менен беттешип, атаандашынан 2:9 упай менен жеңилип калып.