Жаңылыктар

Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт
Күрөш
Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 10-августта Париж Олимпиада оюндарында Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты.

Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, канадалык Амарвир Десини мөөнөтүнөн мурда 5:0 эсебинде утуп алды. Эми ал коло медель үчүн күрөшөт.

Кыргызстандык балбан беттештерин 1/8 финалдан баштап, анда Ирандык балбандан утулуп калган. Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алган.