Жаңылыктар

Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты
Күрөш
Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 10-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы Кытай спортчусу Ван Цзюань менен беттешти.

Мекендешибиз 10-августта 1/8 финалда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште 76 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыкты.

Кыргыз балбан кызы атаандашын 4:0 упай менен жеңди, эми чейрек финалда күрөшөт.

Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери.

2016-жылы Тайбэйде өткөн Азия чемпионатында алтын медаль, 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль, 2018-жылы Индияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль, 2021-жылы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде алтын медаль, 2021-жылы Белградда өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чепионатында алтын медаль тагынган.