Жаңылыктар

Эрназар Акматалиев атаандашынан жеңилип калды
Күрөш
Эрназар Акматалиев атаандашынан жеңилип калды

Бүгүн, 10-августта Олимпиада оюндарында балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча килемге чыкты. Ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде венгриялык Исмаил Мусукаев менен күч сынашты.

Кыргыз спортчусу 1/8 финалда атаандашынан 0:11 упай менен жеңилип, чейрек финалга өтпөй калды.

Исмаил Мусукаев – венгриялык эркин күрөшчү. Ал дүйнөлүк чемпионаттын эки жолку коло медалынын ээси, Дүйнө чемпиону (2023), Европа чемпиону (2022), Орусия чемпионатынын бир нече жолку күмүш медалынын ээси. 2019-жылдан бери Венгрия курама командасынын намысын коргоп келет.