Жаңылыктар

Айпери Медет кызы жарым финалда
Күрөш
Айпери Медет кызы жарым финалда

Бүгүн, 10-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы 1/4 финалда индиялык Р.Ритика менен килемге чыкты.

Ал кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 72 килограмм салмак ченинде күч сынашты.

Кыргыз балбан кызы индиялык Р.Ритика менен күрөшүп, упай 1:1 болду, акыркы кыймыл-аракет Айпери тарапта болгондуктан жеңишке жетти. Эми жарым финалда күрөшөт.

Атаандашы индиялык Р.Ритика 22 жашта, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү.

Белгилей кетсек, 1/8 финалда Айпери алгачкы атаандашын 4:0 упай менен жеңген.