Жаңылыктар

Айсулуу коло медаль үчүн беттештеги атаандашын буга чейин бир нече жолу жеңген
Күрөш
Айсулуу коло медаль үчүн беттештеги атаандашын буга чейин бир нече жолу жеңген

Бүгүн, 10-августта Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. Ал кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 килограмм салмакта монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешери белгилүү болду.

30 жаштагы Орхон Пуревдорж менен Айсулуу Тыныбекова буга чейин бир нече жолу күч сынашып, жеңиш Айсулуу тарапта болгон.

Эске салсак, Тыныбекова 1/8 финалдык беттеште нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшүп, аны 5:1 упай менен жеңип, чейрек финалга чыккан.

1/4 финалдык беттеште АКШлык Кайла Миракл менен күрөшүп, упай 6:6 болгон, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу тарапта болгондуктан жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми жарым финалдык беттеште 26 жаштагы украиналык Ирина Коляденко менен беттешип, атаандашынан 2:9 упай менен жеңилип калган.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.