Жаңылыктар

Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт
Күрөш
Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 10-августта Олимп оюндарында Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак ченинде жарым финалда күч сынашты. Кыргыз балбан кызы атаандашы америкалык Кеннеди Блейдс менен беттешти.

Ал атаандашынан 6:8 упай менен утулуп, финалдык баскычка чыга албай калды. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.

2021-жылы Уфада Блейдс 20 жашка чейинки кыздар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болгон. 2023-жылы октябрда 23 жашка чейинки кыздар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында индиялык Ритикага утулуп, күмүш медалдын ээси болгон. Ал 2020-жылда өткөн Олимпиаданын байге ээси Аделина Грейди АКШдагы тандоо мелдештеринде жеңип, 2024-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарына катышуу укугуна ээ болгон.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 баскычтан баштап, анда кытайлык Ван Цзюанды 4:0 упай менен жеңип, чейрек финалга аттанган.

Чейрек финалда индиялык Р.Ритика менен күрөшүп, упай 1:1 болгон, акыркы кыймыл-аракет Айпери тарапта болгондуктан жеңишке жеткен.