Жаңылыктар

Кыргызстандын куржунунда 2-күмүш медаль
Бокс
Кыргызстандын куржунунда 2-күмүш медаль

Бүгүн, 11-августта Мунарбек Сейитбек уулу финалдык беттешке чыкты. Кыргыз спортчусу бокс боюнча 57 килограмм салмак ченинде өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен кез келип, атаандашынан утулуп калды.

Натыйжада кыргыз мушкери күмүш медалга ээ болду. Бул бокс боюнча эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарындагы алгачкы күмүш медаль. Кыргызстандын курама командасынын Париж Олимп оюндарындагы 2-күмүш медалы.

Мушкер 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга өткөн. Кийинки баскычта америкалык спортчу Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда кыргыз мушкери атаандашы болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен күч сынашып, финалга чыккан.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.