Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова атаандашын утту. Коло медаль биздин куржунда
Күрөш
Айсулуу Тыныбекова атаандашын утту. Коло медаль биздин куржунда

Бүгүн, 10-августта Айсулуу Тыныбекова килемге чыкты. Ал кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 62 килограмм салмакта монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешти.

Кыргыз балбан кызы менен атаандашынынын упайы 6:6 болуп, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу Тыныбекова тараптан болгондуктан коло медалга ээ болду. 

30 жаштагы Орхон Пуревдорж менен Айсулуу Тыныбекова буга чейин бир нече жолу күч сынашып, жеңиш Айсулуу тарапта болгон.

Эске салсак, Тыныбекова 1/8 финалдык беттеште нигериялык Эстер Омолайо Колаволе менен күрөшүп, аны 5:1 упай менен жеңип, чейрек финалга чыккан.

1/4 финалдык беттеште АКШлык Кайла Миракл менен күрөшүп, упай 6:6 болгон, акыркы кыймыл-аракет Айсулуу тарапта болгондуктан жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми жарым финалдык беттеште 26 жаштагы украиналык Ирина Коляденко менен беттешип, атаандашынан 2:9 упай менен жеңилип калган.