Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Сардана Трофимова марафондо 14-болуп келди
Жеңил атлетика
Олимпиада-2024: Сардана Трофимова марафондо 14-болуп келди

Бүгүн, 11-августта Сардана Трофимова Олимпиада оюндарында марафонго катышты. Ал 42 км 195 метрге чуркап, 14- болуп келди. Кыргызстандык жөө күлүк марага 2 саат 26 мүнөт 20 секундда жеткен. Жарышка жалпы 92 спортчу катышты.

Сардана Трофимова жеңил атлетика боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, марафон боюнча Орусиянын беш жолку чемпиону. 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында марафондук чуркоодо коло медалга ээ болгон.

Кыргызстандын аялдар курама командасы анын катышуусу менен биринчи жолу жарым марафон боюнча Азия чемпиондугун жеңишкен. 2022- жылдын май айында Кыргызстандын жарандыгын алган.