Жаңылыктар

Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөштө утулуп калды
Күрөш
Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөштө утулуп калды

Бүгүн, 11-августта Олимп оюндарында Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак ченинде коло медаль үчүн күч сынашты.

Кыргыз балбан кызы атаандашы кубалык Марин Потрилье менен беттешти.

Айпери Медет кызы атаандашынан 0:6 упай менен утулуп калды.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 баскычтан баштап, анда кытайлык Ван Цзюанды 4:0 упай менен жеңип, чейрек финалга аттанган.

Чейрек финалда индиялык Р. Ритика менен күрөшүп, упай 1:1 болгон, акыркы кыймыл-аракет Айпери тарапта болгондуктан жеңишке жеткен. Жарым финалда америкалык Кеннеди Блейдс менен кез келип, 6:8 эсебинде утулуп калган.