Жаңылыктар

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз курамасы командалык эсепте 3-орунду ээледи
Күрөш
Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз курамасы командалык эсепте 3-орунду ээледи

Францияда өткөн Олимп оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 5-8-августта өтүп, жалпы 6 комплект медаль ойнотулду. Анда 38 өлкөнүн спортчулары күч сынашты.

Кыргызстандын курама командасынан 4 балбан мелдештерге катышып, 3 коло медалга ээ болушту. Ал эми бир кыргызстандык спортчу 5-орунду ээледи. Натыйжада кыргыз курама командасы 55 упай топтоп, командалык эсепте 3-орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Акжол Махмудов, 60 килограммга чейинки салмакта беттешке чыккан Жоламан Шаршенбеков жана 97 килограммга чейинки салмакта мелдешке катышкан Үзүр Жузупбеков коло медаль тагынышты.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммага чейинки салмакта килемге чыккан Амантур Исмаилов 5-орунду ээледи.

Иран курамасы биринчи орунда (101 упай), анын курамында 6 спортчу күч сынашты. Кубанын курамасы экинчи орунду багынтты (59 упай).