Жаңылыктар

Баатырларыбызды тосуп алабыз!
Кыргызстан жаңылыктары
Баатырларыбызды тосуп алабыз!

Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди Парижден байгелүү кайтып келген Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын салтанаттуу тосуп алууга чакырабыз!

13-август күнү саат 09:00дө Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Олимпиада оюндарындагы эрдиги, өжөрлүгү жана спорттук жетишкендиктери үчүн спортчуларыбызга чогуу “рахмат” айтабыз!

Биздин баатырларыбызды колдоп, жеңиштин кубанычын бөлүшүп, кубат берүүгө чакырабыз!

Салтанаттын программасы УТРКда жана социалдык тармактарда да түз эфирде көрсөтүлөт. Эфир саат 08:50дө башталат.