Жаңылыктар

Мээрим Жуманазарова: “Элибиз жан тартып, күйөрмандык кылганы бизге дем-күч берди”
Күрөш
Мээрим Жуманазарова: “Элибиз жан тартып, күйөрмандык кылганы бизге дем-күч берди”

Бүгүн, 13-августта Париждеги Олимп оюндарына катышкан кыргыз спортчулары мекенине кайтышты. Кыргыз курамасын аэропортто салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болду. Учурда спортчулар Турдакун Усубалиев атындагы аянтка сапар алышты.

Олимп оюндарында күмүш медалга ээ болгон Мээрим Жуманазарова эмоциялары менен бөлүштү.

“Кудайга шүгүр, аман-эсен кайтып келип алдык. Агайларыбыздын ишеничин актап, эмгегибиз текке кеткен жок. Элибиздин сүйүнгөнүн көрүп, биз да абдан кубандык. Айылдарда, райондордо, шаарларда, облустарда эл чогулуп, бизге жан тартканын көрүп жаттык. Бул бизге дем-күч берди”,-деди балбан кыз.