Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова:"Коло байге абдан татаал жол менен келди"
Кыргызстан жаңылыктары
Айсулуу Тыныбекова:"Коло байге абдан татаал жол менен келди"

Бүгүн, 13-августта мекенине кайтып келген кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова өз сезимдери менен бөлүшүп, ага колдоо көрсөткөн кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

“Аман-эсен мекенибизге келип алдык, абдан жакшы тосуп алышты, кубанычымда чек жок. Коло байге абдан татаал жана оор жол менен келди десем болот. Бүгүнкү күндө мекениме коло байге менен келгениме сыймыктанам. Ушул күнгө чейин мага ишенип, мотивация берип колдоп жаткан күйөрмандарыма жана жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин колдооңуздар менен ушул күнгө чейин күрөшүп келдик. 

Учурдан пайдаланып айта кетейин, Президентибиз Садыр Нургожоевич убада берип, кыз-келиндер командасына спорт зал салып берип, баарыбыз даярдык көрдүк, жакшы шарттарды түзүп бердиңиздер, чоң рахмат! Ошондой эле биздин федерацияга терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстандык болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Кайсыл жерге барбайын ушул сөздү айтам. Кыргызстандыктар ынтымактуу, Франция, Европадан, дүйнө жүзүнөн келип бизди колдошту. Силердин күнү-түнү уктабай колдогонуңуздарды сездик, бар болуңуздар!,”-деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, бүгүн Париж Олимпиадасына катышкан 16 спортчу мекенине кайтып келишти. Учурда аларды салтанаттуу тосуп алуу аземи өтүүдө.