Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу: “Бул жеңиш жалгыз меники эмес, баарыңыздардыкы”
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу: “Бул жеңиш жалгыз меники эмес, баарыңыздардыкы”

Бүгүн, 13-августта Париж Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар мекенине кайтыш келишти. Учурда аларды салтанаттуу тосуп алуу жана сыйлык тапшыруу аземи өтүп жатат.

Анда Мунарбек Сейитбек уулу сөз сүйлөп, бул жеңишин жалпы кыргыз элине арнады.

“Биринчиден Аллах Таалага шүгүр, ата-энеме, бир туугандарыма жана дагы бизге ишенип, Олимпиадага жөнөткөн Президентибизге, Камчыбек Кыдыршаевичке, агайларыма чоң рахмат! Ошондой эле бала кезимден бери спортко тарбиялаган Беганас агайыма, башкы машыктыруучу Төлөгөн уулу Данияр агайга рахмат айтам. Бул жеңиш жалгыз меники эмес, баарыңыздардын жеңиш”,- деди мушкер Мунарбек Сейитбек уулу.