Жаңылыктар

Акжол Махмудов: “Кийинки Олимпиадага бүгүндөн баштап даярданып, алтын алып келем”
Кыргызстан жаңылыктары
Акжол Махмудов: “Кийинки Олимпиадага бүгүндөн баштап даярданып, алтын алып келем”

Бүгүн, 13-августта Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жаткан Олимпиададан байгелүү келген кыргыз курама командасын салтанатту тосуп алуу аземинде коло медаль ээси Акжол Махмудов сөз сүйлөдү.

Балбан жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

“Эл күткөн алтынды ала албай калдым деп өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Кудай буюрса, алдыда боло турган Олимпиадага даярдык көрүү үчүн талыкпай эмгектенем. Кийинки Олимпиалага бүгүндөн баштап даярданып, 2028-жылы алтын алып келем”,-деди Акжол Махмдов.