Жаңылыктар

Олимпиаданын катышуучуларына берилген 10 автоунаа Кыргызстанда чыгарылган
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиаданын катышуучуларына берилген 10 автоунаа Кыргызстанда чыгарылган

Олимпиада оюндарынын катышуучуларына берилген 10 даана автоунаа Кыргызстанда жасалган. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.

“Бүгүн спортчуларыбызды күтүп алып, өлкөбүз кубанычка бөлөндү. Жеңишти бирге белгиледик. Дагы бир кубанычтуу маалымат менен бөлүшө кетейин. Дүйнөлүк Олимп оюндарынын жеңүүчүлөрүнөн тышкары, катышуучуларга берилген 10 даана автоунаа Кыргызстанда чыгарылган! Болгондо дагы жакында эле ачылган унаа заводдон даярдалган, эң алгачкы өндүрүштүн алдын Президенттин колунан белекке алышты! Улуттук спорт – ата мекендик өндүрүш!”,-деп жазган Орунбеков.

Баса белгилей кетсек, бүгүн Олимпиада  оюндарынын катышуучулары Кыргызстанга кайтып келишти. Турдакун Усубалиев атындагы аянтта аларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Президент Садыр Жапаров катышты.

Иш-чаранын алкагында 16 спортчуга автоунаа жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Күмүш байге уткан эки спортчуга “Киа EV 9”, коло байге алган төрт спортчуга “Киа EV 6” унаасы берилсе, калган 10 спортчуга Chevrolet унаасы тапшырылган.

Мындан тышкары, дарыгерлер менен машыктыруучуларга дагы акчалай сыйлыктар берилди.