Жаңылыктар

Спорчулардын машыктыруучуларына жана дарыгерлерге канча сый акы берилди?
Кыргызстан жаңылыктары
Спорчулардын машыктыруучуларына жана  дарыгерлерге канча сый акы берилди?

Бүгүн Париж Олимпиаданын катышуучуларын  салтанаттуу сыйлоо аземинде спортчулардын машыктыруучуларына жана аларды коштоп  барган медицина кызматкерлерине Президент Садыр Жапаров сый акы ыйгарды.

Тизме:


Медицина кызматкерлери:

Улукбек Кыдыев – 1 млн 375 миң сом;

Константин Еремич – 1 млн 375 миң сом;


Дарыгерлер:

Иса Биченов – 1 млн 375 миң сом;

Бактыгүл Алишева – 1 млн 375 миң сом;


Машыктыруучулар:

Евгений Петрашов, сууда сүзүү боюнча башкы машыктыруучу (Денис Петрашов жана Елизавета Печерскихтин биринчи жана жеке машыктыруучусу) – 650 миң сом;

Андрей Полубапкин, жеңил атлетика боюча Сардана Трофимованын жеке машыктыруучусу – 125 миң сом;

Айып Исаков, жеңил атлетика боюча башкы машыктыруучу – 150 миң сом;

Улукбек Өмүрзаков, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Айбек Кубанычбековдун биринчи машыктыруучусу) – 50 миң сом;

Роман Кузьмин, дзюдо боюнча машыктыруучу, (Эрлан Шеровдун биринчи машыктыруучусу) – 175 миң сом;

Сергей Кладнов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 250 миң сом;

Абдужалил Юнусов, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 300 миң сом;

Исламбек Тазабеков, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;

Рустам Учаров, эркин күрөш боюнча машыктыруучу, (Бекзат Алмазбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;

Сүймөнкул Табалды уулу , эркин күрөш боюча Кыргыстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 875 миң сом;

Руслан Мажинов, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 750 миң сом;

Биримкулов Чыңгыз, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун биринчи машыктыруучусу) – 100 миң сом;

Дастан Муктаров, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Амантур Исмаиловдун жеке машыктыруучусу) – 250 миң сом;

Аязбек Жумашбаев, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;

Мамбектов Раатбек, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, (Үзүр Жусупбековдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;

Хаким Махмудов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Жоламан Шаршембековдун биринчи машыктыруучусу) – 2 млн 450 миң сом;

Мейрамбек Ахмедов, грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу (Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;

Улукбек Карачолоков, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 5 млн 500 миң сом;

Эркинбаев Азат, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 6 млн 600 миң сом;

Түгөлбай Базакечов, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын биринчи машыктыруучусу) – 700 миң сом;

Нурсултан Аскарбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу) – 1 млн 750 миң сом;

Рахмадил Жуманазаров, кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу) – 1 млн 100 миң сом;

Чынарбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча машыктыруучу (Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;

Байгазы Кенжебаев, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 4 млн 500 миң сом;

Нурбек Изабеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 5 млн 650 миң сом;

Турдаалы Оморов, бокс боюнча машыктыруучу, (Мунарбек Сейитбек уулунун биринчи машыктыруучусу) – 1 млн сом;

Беганас Султанбаев, бокс боюнча машыктыруучу (Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу) – 2 млн 500 миң сом;

Улан Сагынбаев , бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын улук машыктыруучусу – 2 млн 500 миң сом;

Данияр, Төлөгөн уулу бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу – 3 млн сом.