Жаңылыктар

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына төрт спортчу барат
Спорт
Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына төрт спортчу барат

28-августтан 8-сентябрга чейин Париж шаарында өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат.

Пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 кг чейинки салмакта катышат. 

Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева 86 кг чейинки салмак категориясында катышат.

Пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочу), пара жеңил атлетика Гүлназ Жүзбаева (Фернас Юлия коштоочу) өлкө намысын коргошот.

Жайкы XVII паралимпиада оюндарына жалпы 22 спорттун түрү боюнча 549 медаль ойнотулат.