Жаңылыктар

Мээрим Жуманазарова UWW рейтингинде 16-орундан 4-орунга көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Мээрим Жуманазарова UWW рейтингинде 16-орундан 4-орунга көтөрүлдү

Париж шаарында жыйынтыкталган Олимп оюндарындагы көрсөткүчтөн кийин Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) рейтингин жаңылады. 

Анда Кыргызстандын балбан кыздары алдыңкы орундарын алдырды. Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) Олимпиаданын жыйынтыгы менен 3-орунду ээлеп, коло медаль уткан. Бул жыйынтык менен дүйнөлүк рейтингдеги 1-орундан 3-орунга тушту. Ал эми 1-орунга Олимпиаданын чемпиону болгон япониялык Сакура Мотоки,

2-орунга украиналык Ирина Коляденко жайгашты.

Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмакта Парижде 5-орунду ээлеп, рейтингдеги 1-орундан 4-орунга жылды.

Мээрим Жуманазарова Париж шаарында күмүш медаль уткандан кийин дуйнөлүк рейтингдеги 16-орундан 4-орунга көтөрүлдү.