Жаңылыктар

Парижде Паралимпиадалык оюндар 28-августта башталат
Спорт
Парижде Паралимпиадалык оюндар 28-августта башталат

Бир аптадан кийин Парижде Паралимпиадалык оюндар башталат. Учурда Франция паралимпиадачыларды кабыл алууга даярданууда. 

Спорттук жайлар жана мейманканалар майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылып, керектүү жабдуулар менен камсыздалдып жатат. Мелдешке 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышат. Анда спорттун 22 түрү боюнча беттештер орун алат. 11 күндүн ичинде жалпысынан 549 медалдардын топтому ойнотулмакчы.