Жаңылыктар

Бишкекте “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө (түз эфир)
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкекте “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө (түз эфир)

Бүгүн Бишкекте биринчи жолу президенттин медиа жана журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депуттары, медиа-эксперттер, коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышууда.

“Мейкин” сыйлыгынын негизги максаты — өлкөдөгү медиа жана журналистика тармагын өнүктүрүү, кесипкөйлүктү жана чыгармачылык активдүүлүктү көтөрүү. Сыйлык журналисттердин эмгектерин баалап, аларды стимулдаштырууга багытталган.

Бул сыйлык Кыргызстанда журналисттердин жана медиа тармагынын ийгиликтерин белгилеп, жаңы жакшы салтты баштап бере турган маанилүү кадам болуп саналат.

Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомду түзөт. Он номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сыйлык белгиленген.




https://www.youtube.com/live/j4D_bccW3U0