Нарын облусунун аймагындагы бардык унаа жолдор жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун ашуу менен белдери жолчулардын көзөмөлүндө, жолдо каттам бар. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Нурбек Кубанычбек уулу билдирди.
Маалыматка караганда, облус аймагында 3 сантиметрден 10 сантиметрге чейин кар жаады. Алсак, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда, Оттук капчыгайында 3-4 см, Кызыл-Белде 2-3см, Чар участкасына 3-4 см, ал эми Нарын - Орук-Там жолунда 10 сантиметрге чейин кар жаады.
Жолдордун тайгак участкаларына кум-шагыл аралашмасы чачылды. Ар бир Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган, жолдордо каттам бар.