Жаңылыктар

Лейлекте заманбап акжуаз иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлекте заманбап акжуаз иштей баштады

Баткендин Лейлек районунун эң четки Ак-Суу айыл аймагындагы Жеңиш айылында муниципалдык акжуаз иштей баштады. 

Бул эң ириде дыйкандар үчүн  мыкты мүмкүнчүлүк болду. Анткени буга чейин алар өздөрү өстүргөн шалыны (актала элек күрүч) жеке жактарга кымбат баада актатып келишсе, эми ыңгайлуу баада жана заманбап техниканын жардамы менен сапаттуу күрүч алууга шарт түзүлдү.

 Ага райондук өнүктүрүү фонду менен жергиликтүү бюджеттен 2 млн. сомдон ашуун акча сарпталды. Жаңыдан ишин баштаган заманбап ишканада саатына 1000 кг. дан ашуун күрүчтү тазалоого болот.

Аймакта жергиликтүүлөр негизинен дыйканчылык менен алектенет. Дыйкандар буга чейин шалысын эски акжуаздарда актап келишсе, эми жаңы  технологиянын жардамы менен убакытты үнөмдөп, сапаттуу күрүч алышат. 

5 айылды камтыган Ак-Суу айыл аймагында 8 миңден ашуун калк бар. Жылдан жылга эгин талаалары кеңейип, жашоочулар девзире, авангард, кенже сортундагы күрүчтөрдү эгишет. Бул ишканада күн сайын кезекке тургандар жокко эссе, анткени дыйкандар күрүчүн кампаларда сактап, качан гана муктаждык болгон учурда тазалатышат.

Айылдарда элеттиктер  басымдуу дыйканчылык менен алектенгендиктен мындай өндүрүшкө муктаждык жогору. Мындан улам жергиликтүү бийлик алдыда ар бир айылга муниципалдык акжуаз ачып, калкка керектүү шарттарды түзүүнү максат кылууда.