Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова
- 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Чоңоюп өскөн жери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылы;
- Үй-бүлөдө төртүнчү бала, эки эжеси, ага-иниси бар;
- Эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн үч жолку жана Азиянын алты жолку чемпиону;
- Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү;
- Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери;
- Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу;
- Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында үч жолу күрөшүп, үч жолу жеңишке жеткен алгачкы балбан.