Фоторепортажи: КТРК курамасы спорт академиясынын командасын утуп алды (3:1)

Кичи футбол боюнча Бишкек шаарында өткөн мелдеште КТРК курама командасы 2-орунду ээледи. Башкы орун үчүн болгон оюнда курамабыз "Tempo.kg" менен беттешип, 1-таймда эсепти 4:0 кылганы менен, экинчи бөлүктө КТРК курамасынын атаандашы эсепти теңеп кетүүгө жетишти. 

Ошентип оюндун негизги убактысы соңуна чыгып, калыстын ышкырыгы жаңырды. Финалдык беттеште курамабыз "Tempo.kg" командасына пенальтилер сериясында жеңишти тарттырып жиберди.

Баса белгилей кетсек, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасы менен КТРК курамасы 1/4 финалда кездешип, 3:1 эсебинде жеңген. Бул утуш футбол боюнча КТРК курама командасынын деңгээли мыкты экенинен кабар берет. 

Бул турнирге жалпы 24 команда катышты.