Фоторепортажи: КЫРГЫЗ - ӨЗБЕК ТЕЛЕРАДИОЛОРУНУН КЫЗМАТТАШУУСУ

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Кайрат Иманалиев менен Өзбек Улуттук телерадио компаниясынын директору Алишер Хаджаев жолугушуп, телевидениени өнүктүрүү, контентти жакшыртуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эки тараптын жолугушуусу Ташкент шаарында өтүп, Өзбек тарап, Кыргызстандык кесиптештерин жылуу тосуп алып, өздөрүнүн эң сапаттуу техникалары менен жабдылган мыкты студияларын тааныштырды. Өзбек улуттук телерадио компаниясы Борбор Азиядагы эң тажрыйбалуу медиа өнөктөштөрдүн бири. Аймактын булуң-бурчун камтыган карт тарыхы бар каналдын учурда 15 телеканалы, 13 аймактык жана 5 радиоканалы бар.Расмий жолугушуунун алкагында кыргыз-өзбек тараптары контентти жакшыртып, тажрыйба алмашууга басым жасап, эки жак тең көрүүчүлөргө пайдасы тие турган, кызыктуу жана таасирдүү долбоорлорду биргелешип жасоо үчүн атайын жол карта иштелип чыга тургандыгы талкууланды. Ага ылайык, режиссёр, оператор, үн оператор, жарык берүүчү, журналист, алып баруучу жана бардык чыгармачыл кызматкерлерден турган топ тажрыйба алмашып бири-биринен үйрөнүшөт.