Фоторепортажи: «КЫРГЫЗСТАН ЖЫЛДЫЗЫ 2022»

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «КЫРГЫЗСТАН ЖЫЛДЫЗЫ 2022» заманбап музыка тармагындагы вокалдык сынактын ачылыш аземи болуп өттү.

Жети облусту камтыган сынактын катышуучуларын ар бир аймактын өздөрүнүн көрүнүктүү музыка жаатындагы адистери тандап беришкен.

УТРКнын бул проектисинин башкы максаттарынын бири жаш таланттардын өнөрүн элге таанытуу болуп саналат.

Учурда «КЫРГЫЗСТАН ЖЫЛДЫЗЫ 2022» вокалдык сынагы өлкөбүздөгү эстрада багытындагы жалгыз фестиваль. Сынактын байге фондусу 500 миң сомду камтыды.