Жаңылыктар
Улуттук кийимдер: Индия палантин жоолуктары илгерки замандарда аскер формалары катарында колдонулган
Культура
Улуттук кийимдер: Индия палантин  жоолуктары илгерки замандарда аскер формалары катарында колдонулган

Ар бир айым келбетине көрктүүлүк кошо турган уникалдуу аксессуарларды колдонот эмеспи. Дал ушул кооздуктар биздин дене-тузүлүшүбүздү ого бетээр сулуу көрсөтүп, башкалардан айырмалап келет. Кайсыл гана өлкөгө барып токтобоңуз дүкөн ичиндеги текчелерден дүйнө жүзүн каптаган белгилүү бренддерди көрөбүз. Ал эми улуттук колорит болсо ошол өлкөнүн өзгөчөлүгүн белгилеп, окшош бренддерден такыр башкача айырмаланып, кийип турган кийимге кичинекей салымын кошсо дагы дароо ошол адамдын турган турпатын башынан баштап, бутуна чейин өзгөртүп таштайт.

Кээ бир орусчасынан деталь деп коебуз азыр колдонуп жүргөн майда -барат буюмдар кечээ жакында эле чыккан. Ал эми моюн орогучтар сыяктуу буюмдар канча бир кылымдарды басып өткөн десек болот жана аксессуар катарында ичинде көп катылган сырлар дагы бар. Бүгүн моюн орогучтун жакынкы тууганы палантин жоолуктары тууралуу маалымат менен бөлүшөбүз. Анын тарыхы кандай болгону баарыбызга таңкалычты жаратышы мүмкүн. Чындыгында азыркы бизге келип жаткан Индия палантин жоолуктары илгерки замандарда аскер формалары катарында колдонулган. Кээ бир айтымдарга караганда динге дагы тиешелүү рольду аткарган. Мисалы байыркы кытай Будданын статуясынан улам палантин жоолуктары кенен жана жеңил түрдө моюнга кооз салынган орогуч катарында колдонулгандыгын байкасак болот. Көптөгөн элдерде палантин жоолуктары динге багышталган буюм катарында саналып келет. Мисалы ошол эле еврей таллиттерин дагы алсак болот.

Байыркы римдиктерде палантин жоолуктарын чечен, сөзгө чебер, эл алдында кадыр-баркы бийик адамдар салынып жүрүшкөн. А түгүл азыркы учурларда деле католик поптору кызматына бараардын алдында жоолукту өөп туруп жөнөйт.

Бара-бара жоолук менен шарфтар кооздук үчүн колдонулуп бара жаткан буюм катарын ээледи. Жыйырманчы кылымдарда акварель сууга эзме боёк менен тартылган сүрөттөрү бар жоолук, моюн орогучтар мода коргөзмөлөрүнө коюла баштаган. Көптөгөн ысык жайлуу өлкөлөрдө жоолук дагы деле кийим катынрда колдонулуп келе жаткандыгы белгилүү. Индия, Тайланд, Полинезия элинин айымдары күнүгө жаңы ойлонуп табылган оронмолорду таап чыгып турат. Аларды фантазиясында чек жок, көпчүлүк учурда алардын сыры жоолукту байлоодо, алардын учтарын бири-бирине туташтыруу жагына көңүл бурулат. Жоолуктарды колдонуу жагынан жакшы мисалдарды Сенегал, Кениядан дагы алсак болот. Алардын бу-бу жана танга деп аталган жоолуктан байланган кийимдери пареону элестетет.

Палантин алгач 18-кылымдарда Европада Улуу франсуз көтөрүлүшүнөн кийин тараган. Ошол кезекте элдер античный дүйнөдөгү модага кайрылып жаткан учуру эле, ал үстүндө Напалеон Бонопарт Египеттен кайра кайтып жол жүрүп келатканда чыгыш палантин жоолуктарын кошо ала келген. Россияда палантин жоолуктарга кызыгуу 19-кылымдарга таандык. Франсуз көтөрүлүшүнөн кийин Европадагы барпайта кооз тигилген кийимдердин заманы кетип, айымдардын көйнөктөрү жөнөкөйлөштүрүп, оор жибек, баркыт, парчанын ордуна жеңил, ачык кездемелерден көйнөктөр тигиле баштайт. Ошол учурда жоолуктар дагы кадимки кымбат баалуу атыр сыяктуу эле палантин жоолугу дагы эң бийик даражада болуп, ар бир өзүн сүйгөн жана сыйлаган айымдын моюунунда оролуп жүргөн. Айымдар ар бир жыл мезгилине ылайыктап жоолуктарды салынган ледилер болгон.

Учурда азыркы заманда заманбап палантин жоолуктар көпчүлүк мамлекеттерде чыгат. Алардын сүрөттөрүн көрүп алыскы экзотикалык өлкөлөргө саякатка барып келгендей сезим бергендери дагы бар. Мындай кооз, шаан-шөкөттүү жана универсалдуу иштеп даярдалган жоолуктар күнүмдүк жашоодо, салтанаттуу кечелерде жылуулук жана ыңгайлуулук алып келип көңүлүңүздү көтөрөөрү шексиз.