Бүгүн Бишкек шаарында «Кан басымыңды билип ал» акциясы башталат. Бул тууралуу “Биринчи радиого” шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Назгүл Акматалиева билдирди. Анын белгилешинче, иш-чараны Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борбору үй-бүлөлүк медицина борборлору менен бирге уюштурууда.
Анын алкагында жарандар кан басымын өлчөтүп, медицина кызматкерлеринен акысыз кеңеш алса болот.
Акция Калкты тейлөө борборлоу, билим берүү башкармалыктары, үй-бүлөлүк медицина борборлору, «Дордой Плаза», «Аю Гранд» соода борборлорунда, Ош базары жана башка жайларда өтөт.