Жаңылыктар
Аскат Кубанычбеков:- Кореяда 5 жыл жашап, мушташкан адамды деги көрбөдүм, мыйзамды бекем сакташат
Культура
 Аскат Кубанычбеков:- Кореяда 5 жыл жашап, мушташкан адамды деги көрбөдүм, мыйзамды бекем сакташат


 Бийик тоого чыксаң көзүң ачылат, Билимдүү менен сүйлөшсөң көңүлүң ачылат.


Билим алууну көздөп, изги тилек менен Кореяда жүргөн Аскат Кубанычбековдун кызыктуу маегине күбө болобуз. Каарманыбыз Корея Республикасынын Улсан шаарындагы, UNIST (Ulsan national institute of science and tehnology) университетинде билим алат.


-Салам, Аскат! Сизге Кыргызстандан ысык салам жолдойбуз! Маанайыңыз жакшыбы? Учурда эмне менен алексиз?


Саламатсыздарбы? Менин атым Аскат Кубанычбеков. Нарын областынын Ат-Башы районундагы Ак Молон айылынын кулуну болом. Корея жергесине келгениме 5 жыл болду. Биака 11-классты бүткөндө окууга тапшырып келгем. Туштук Кореяда Улсан шаарындагы Юнист деген университетке тапшыргам. Ал университет техникалык окуу жай. Бул жакта окугандардын баары инженерлер жана илимий изилдөөчүлөр. Анын ичинде мен дагы бар, 2 факультетте “бизнес” жана “индустриялдык дизайн” тармагында окудум. Окууну бүткөнүмө 1 жыл болуп калды. Учурда студенттердин президенти болуп жана аны улантып журөм. Президент болгондо чет жакта окусу келген жаштарга жардам берип жүрдүм. Ар идеяны улап азыр да Кыргызстандагы Кореяда окугусу келген жаштарга виза болобу же башка маселелерге жардам берип, ушул тармакта иш алып баралы деген чечим чыгардык. Учурда 3 айдан бери ушул ишти алып барып өзүбүздүн бир чакан фирмабызды куруп иштеп келе жатабыз.


-1945-жылдан тартып Кореяда эски мектептер жоюулуп, билим берүүнүн жаңы системасы түзүлгөн. Ошондой Кореянын жогоркуу окуу жайларында группа деген түшүнүк жок. Билим берүү системасында кандай айырмачылыктар бар экен? Сизге жактыбы?


Бул Түштүк Кореяга жаңы келе жатканда билим берүү системасындагы айырмачылыктарды ойлонуштурган эмеспиз. Биз ойлогонбуз Кыргызстандай эле болсо керек деп . 1-11-класска чейин баарыбызды кандай класстарга бөлүп окутса, ошол сыяктуу эле университетте дагы группага бөлүп окутат. Бул жакта деле ошондой деп ойлосок, жок, андай болгон жок. Кыргызстанда Совет системасы менен каралып, эч кандай реформа болгон эмес. Түштүк Кореяда сабактарды өзүң тандагандай алсаң болот. Мисалы, 1 университетти бүтүрүш үчүн 70 сабак бүтүрүү керек болсо, ошол 4 сабакты 4 жылдын ичинде бүтүрүшүң керек. Кайсы учурда аласың, 1-2-3 курста аласыңбы , эч ким эч нерсе айтпайт. Эң негизгиси 4 жылдын ичинде 70 сабакты бүтүр. Дагы бир жакшы жери өзүңө ылайыктап расписание алсаң болот. Ошону менен катар профессорлорду тандап аласың. Мисалы эртең менен берген профессор жакшы түшүндүрдү деп. Жана дагы 1 курста физика, математика, тил, биология жана башка предметттин баары кирет. Кайсы багыт жакса ошол жагын тандап 2-курста каалаган факультетке тапшырасың. Мунун баары айырмачылык десем жаңылышпайм.


-Түштүк Кореяда өздөрү үчүн салттуу деп саналган бир нече оюндар бар, алардын ичинен таеквондо жана хакидо сыяктуу согуш маданияты калыптанган. Маданиятындагы өзгөчөлүктөр менен ой бөлүшө кетсеңиз?


Кореянын салтында өзгөчөлөнгөн 2 нерсени айтайын. Биринчиси саламдашып жатканда кореялыктар кол кармашып учурашпайт. Башын ийип, бир аз жүгүнүп саламдашат. Негизи эли сылык сыпа жөнөкөй келет. Бир нерсени алып жатсаң же узатсаң 2 кол менен берүү керек. Бир колдоп узатуу сыйлабастык болуп эсептелет. Мисалы: чайды, визитканы 2 колдоп сунат.


-Корей Республикасы дүйнөдөгү өтө өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Деңиз кемелерин, автомобиль, электрондук тиричилик приборлорун, телекоммуникация металл иштетүү, жабдууларын чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт. Шаарын кыдырып, кандай таасирлерге ээ болдуңуз?


Негизи эле бул жакта мыйзамды бекем сакташат. Элдер абдан коркушат. 5 жыл жашап мушташкан адамды деги көрбөдүм. Алкоголду өтө көп ичишет. Спирт ичимдигине абдан жакын адамдар. Көп иштегендиктен жума күнү аягында стресс болуп, ошол стресстен арылуу үчүн бар, кафелерде ичишет. Бирок ошондо да мас болуп мушташпайт. Сөз менен гана урушат. Ошондой эле бул жерде бир жерге койгон , унутуп таштаган буюмуңду эч уурдабайт же алып кетпейт. Мисалы 3 жыл мурун аялдамада сумканы унутуп калыптырбыз. Анын ичинде акчабыз, кредит карточкабыз, бардык нерселерибиз бар болчу. Унутуп университетке кетип калыптырбыз. Кайра эстеп издеп жүрдүк, эми жоголду го деп үмүтүбүздү үзүп корей досторубуздан сурасак “аялдамага жакын милиция участогуна баргыла” –деп ишенип айтканда биз абдан таң калдык. Мейли деп барсак ошол жерде туруптур, бардыгы толук экен.


-Кореяда адам атын кызыл түстүү сыя менен жазууга болбойт. Эгер жазган болсоңуз, анда жакын арада жаман окуялар курчайт деп эсептешет. Суицидге баруулары да мүмкүн. Дагы башка кандай таң калыштуу мыйзамдарга күбө болдуңуз?


Негизи андай жок. Ушул сыяктуу көп нерселерди айтышат. Мисалы Кореяда итти абдан көп жешпейт. Дагы биз билген “корейскии салат” деп сабизден жасалган салатты 5 жыл жашап эч кездештирбедим. Ошол сыяктуу калыпанып калган стереотиптердин бири. Ооба, суицид боюнча 3-орунда турат. Суицидди жана ошолго байланыштуу себептерди айтууга аракет кылып жатышат. Кореядан чыккан телефондорду көп кездештиребиз. Бул жакта көчөдөн уруксатсыз сүрөткө тартканга болбойт. Эгер көрүп же билип калса сотко берүүгө укугу бар.


-Башка жердин шарты, маданияты жана жашоо жагдайы бөлөк болот. Менталитет эки улуттуку эки башка келет эмеспи, жаңы барган мезгилде кызык окуяга туш болдуңуз да, башыңыздан өттү болушу керек. Ошондой күлкүлүү окуялардын бирин айтып бербейсизби?


Биз бул жака келгенде англис тилин билип, корей тилин өздөштүрбөй эле келгенбиз. Бардык студенттер англис тилин билишет. Анан көчөгө чыкканда корейче бир аз сурап, жообун түшүнбөй кайра кайта берчүбүз. Бул жерде жоголсоң бат эле таап алсаң болот.


-Кореяга барам деген мекендештериңизге кандай кеп кеңештериңизди берет элеңиз?


Бул бөлөк жер, бөлөк адамдар. Менталитети, түшүнүгү такыр башка ошол үчүн алган тарыхын, маданиятын тилин билип келсе деп ойлойм. Себеби, түшүнүгүң туура келсе, пикир алышууга оңой болот. Тагыраак айтканда бул жактын сандарттарын так аткарууга аракет жасашсын дейт элем. Себеби, чет элдин жараны болгондуктан сени Аскат же Талант дебейт, кыргыз деп коёт. Улутубузду уят кылбасак дейт элем.


-Корея сизге абдан жагыптыр. Иштеп баштаптырсыз, кыялдарыңыз ишке ашып, максаттарыңыз орундалууда. Мекенге кайтуу оюуңузда барбы? Кыргызстан дегенде оюуңузга биринчи эмне келет?


Мекенибизди ардайм сагынабыз. Көчөлөрдө басасың, автобуста башка жерде кондиционерлер орнотулган. Бардык шарттар түзүлгөн, ошентсе деле башкача бир жыты бар.Ар дайым Кыргызстандын абасын, ташын, топурагын сагынабыз. Биринчи оюма тамагы келет. Кыргызстанга кетип атам дегендерге менин ордуна муну жеп кой тамашалап калам.


Түнкүсүн түштө, күндүзү элесибизде болгон бир боорлоруңузга, мекендештериңизге дегеле Кыргызстанга жалпы салам жолдойбуз. Туулган жер туурум менин сагынычтуу,Туулгам ичтен бир өзүңө багынычтуу. Мекендештерибиз дүйнөнүн булуң-бурчунда жүрсө дагы туулган жерин унутпай, жүрөгүндө бекем сактап жүрө берсин демекчибиз. Эки улуттун ынтымагына көпүрө болгон “Достук” радиосу менен биримдигибиз арта берсин.


Даярдаган: Медина Токтакунова