Буга ишениш кыйын, бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда бар болгону 801 гана этникалык армяндар жашашат. Бул сан Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө 2009- жылдан бери стабилдүү катталып келатат. Дал ушунча адам калкты каттоонун негизинде өзүлөрүн армян деп идентификациялаган эле. Республикабыздагы кавказ улуттарынын ичинен армяндар саны, көптүгү жагынан экинчи орунда турат. Негизинен алар Бишкекте, Кара-Балтада, Кеминде жана Ошто жышыраак жайланышкан. Башка этникалык улуттар сыяктуу эле коомдорго биригип чогуу турганды, ууч болуп жашаганды жактырышат.
Санынын аздыгына карабай, Кыргызстандагы армян коомчулугунун тарыхы алда канча тереңирээк деп айтсак болот. Сталиндик репрессияга чейин эле армяндар активдүү миграциядагы калк болушкан.
Кыргыз жергесиндеги алгачкы армяндар тууралуу маалымат биринчи христиандык пилигримдерге барып такалат. Ал кезде диний куугунтуктардан улам армяндар алыска, чыгышты карай качышкан эле. Мунун тамыры да, тарыхы да терең болуп эсептелет.
Россия империясынын курамына киргенден соң, армяндар башка региондорго орун которуп жайгаша башташкан. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин 1939-жылы депортациянын алгачкы толкундарына кабылган, Орто Азияга көчүрүлгөн Кавказ элинин арасында армяндар да болушкан. Башында эле миңге жетпеген адам, келишкен. Дини христиан болсо дагы, алар бара-бара жергиликтүү климатка, жашоо шартка көнүп, ыңгайлашып, ал эми мезгилдин өтүшү менен биротоло тамыр жайып калып калышкан.
Бүгүнкү күндө “Арарат” деп аталган армян диаспорасы өлкөдөгү бардык этникалык армяндардын башын бириктирип турат. Алардын маданий, социалдык турмушун чагылдырып турган социалдык баракчалар активдүү өнүккөн. Бирин-бири издеп, тактап, байланышып турган эң ынтымактуу калк болуп эсептелет. Айрыкча жаштарга, балдарга, өсүп келаткан муунга кам көрүү - этникалык армяндарга мүнөздүү. Кыргызстанда өзүлөрүнүн христиандык чиркөөсүн ачууну пландап, кыялданып келишет.