Жаңылыктар
Кыргызстандагы этникалык грузиндер
Культура
Кыргызстандагы этникалык грузиндер


 Этникалык грузиндер Кыргызстанга 20 – кылымдын биринчи жарымында, тагыраак айтканда 1944- жылы Түндүк кавказдагы башка элдер менен бирге депортациялянып келишкен эле.... Баш- аягы 150-200 гана адам болгон, 20 дай үй-бүлөнүн тегереги. Карачай, абхаз, чечен, даргин сыяктуу тектеш улуттардын катарында грузиндер аз санды түзүшкөн. Бул көрүнүш азыркыга чейин сакталып келет. Мисалы бүгүнкү күндө Кыргызстанда 570 гана этникалык грузиндер жашашат. Грузия элчилиги Кыргызстандын өзүндө жок. Казакстандын борбор шаары Астанада 2 мамлекет үчүн Грузиянын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчилиги бар. 2012-жылы Грузияга Кыргызстандын консулдугун ачуу демилгеси каралган, бирок ишке аша элек.



Кыргызстандагы этникалык грузиндер негизинен соода-сатык, бизнес, тамак-аш сферасы менен алектенет. Алар аз санда болгондуктан бири-бири менен тыгыз карым катнашта. Дини боюнча-католиктер. Улуттук када-салттарын өтө катуу тутушпайт. Европалашып кеткен заманбап адамдар десек болот. 1990-жылдардын башында СССР кулаганда көпчүлүк этникалык грузиндер өздөрүнүн тарыхый мекенине кайтып кетишкен. Бул жакта көнүмүш жашоо образын өзгөрткүсү келбеген, Кыргыстанды мекендеп калган грузиндер туугандары менен алар тыгыз карым-катнаш түзүп турушат. Тбилиси менен түз авиа каттам болбогондутан Алма-Ата шаары аркылуу байланыш түзүлгөн.




Программаны даярдаган: Д.Жусаева