Жаңылыктар
WhatsApp суроо - жооптор 2- бөлүк
Выборы 2023
WhatsApp суроо - жооптор 2- бөлүк

Сайтка жарыяланган суроолордун маани-маңызына жана тексттеги каталарга КТРК сайты жооптуу эмес.

WhatsApp суроо - жооптордун 1- бөлүгүнө  өтүү үчүн бул жерди басыңыз.

WhatsApp суроо - жооптор:

Кыргызстан партиясына: Бизнесмен бийликке аралашпаш керек дегенге кандай карайсыз? 0706 150 8ХХ

“Кыргызстан”: Барды жок кылгандар Ишкердин баркын кетирген бизде, жаңы муун ишкерлер жоктон бар кылгандар. Алар жумуш оорду түзөт, салык төлөйт. Эгер алардын укугу корголбой, тескерисинче кугунтук көрүп, тосколдук жаратылып жатса, андай жаратман ишкерлер келип Экономиканы жөнгө салатурагн мыйзамдарды жазууга салым кошсо болот. Негизи мыйзамдар баарына бирдей иштегенде, ишкерлер өздөрү эле келбейт саясатка. Бирок келип контрабанданы, схемаларды коргогондорго жолтоо болушубуз керек.

Асанбек Темирбековго суроо: Эмне үчүн бөлөк партияларга окшоп башкалар менен кошулбай дайым жалгыз позицияңызды коргоп келесиз? 0500 006 1ХХ

"Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын өз принциптери бар. Олкөбуздун өнүгүп өсүүсүнө жаркын келечегине тилектеш партиялар болсо идеалаш болууга даярбыз.

Менин суроом Бир Болго Сиздердин партияларыңарда жалаң гана саясатчылар эмес спортмендерго. Сиздер кантип парламентти башкарасыздар же күч мененби? 0773 794 8ХХ

“Бир Бол”: Жалган бизде 108 талапкер арасында башта спорт менен машыккан бирок ошол эле учурда ишкер болгон эки эле талапкер бар, калгандарынын спорт менен көп деле катнашы жок, чуркап, футбол ойногондон башка. Бизде эн көп юрист жана экономист бар партия. Орточо жашыбыз 37, Жогорку Билимдүүлөр 95%,аялдар эң көп 37%, башка улуттар эң көп 26%.

Баардык партияларга: Жалгыз бой энелердин укугун коргоо учун кандай мыйзамдарды иштеп чыга аласыздар? 706 441 0ХХ

“Ыйман Нуру”: альбетте бул маселеде жалгыз бой энелердин мамлекет тарабынан алынган жардамга адилеттүү мамиле каралыш керек, башка категорияларга салыштрмалуу жашаган шарттарына, иштеген жерина жана маянасына жараша акча каралыш керек.

Баарына суроо: Ассалому алекумдар Урматтуу кандидаттар,Эгер депутат болуп калсаныздар границаны качан чечесиздер, Кыргызстанга кадр маселси солкундап кетти 0707 030 3ХХ

“Республика”: Алейкум Ассалам, чек ара боюнча суроого жооп бердим, кадр маселеси өтө бир чоң көйгөйгө айланды. Кард өстүрүү, тандоону оңдоп албасак биз алдыга жылууну ойлонбой эле койсок болот.

“Ыйман Нуру”: чек ара боюнча, кадр маселеси да абдан маанилүү аны үчүн жергиликтүү элдин арасынан кадр даярдоо саясатын башташ керек жана ошо жерлердин экономикалык акыбалын жогорулатыш керек.

Баардык талапкерлерге: Бийликке келип калсаңыздар, шаардын айланасындагы таштандыны кантип жок кылып бере аласыңар? Бул көп жылдан бери чечилбей келген көйгөй 707 811 6ХХ

“Ыйман Нуру”: Бул үчүн таштандыларды кайра иштетүү заводун салыш керек, ал завод таштандыларды шаардан өзү чогултуп аны кайра иштетип андан электроэнергия жана газ чыгарса болот. Чогулган таштандыларды тазалап андан пайда тапса болот.

“Республика”: Шаардын айланасындагы таштанды маселе көптөн бери чечилбей атат, бул жатка бир гана жол бар таштандыны кайра иштетип чыгуу ишканаларды курушубуз керек жана бул багытта иштейм деген компанияларга шарт түзүп беришибиз керек. Мисаалы биздин темир тезектерибизди сатып алып, кайра арматура кылып өзүбүзго сатышат кымбат баада, ушул сыяктуу көп мисаалдар бар. Ошол кайра иштетип чыгуу багытын өнүктүрүшүбүз керек

МИГРАНТАР БИЗДИН ОЛКОНУН БЮДЖЕТИНЕ ЧОН САЛЫМ КОШОТ ЭМЕСПИ сырт жакта иштеп ЖУРГОН мигарантарга бир министерство тузуп, башка олколордо иштейм деген атуулдарга иш табып гарант болуп беруусун кандай карайсынар? 0705 159 5ХХ

“Кыргызстан”: биздин тышкы иштер министрлиги жана эмгек министринин жоопкерчилигин көтөрүп биздин мигранттардын укугун коргоо үчүн иш барыш керек.

“Бир Бол”: Биздин максатыбыз Мигранттардын кайтып келүүсү, ал жерде Сиздердин талабыныздардын корголуусу Тышкы Иштер жана Миграция мекемелеринин түздөн түз жоопкерчилиги, биз аларды көзөмөлдөйбүз.  Туризм, Энергетика, Заманбап айыл чарба, ИТ аркылуу жаны миндеген жумуш оорундарын түзсө болот.

Кыргыз спортуна кандай көңүл бурасыңар? Кантип көтөрөсүңөр? Эмдиги жылы Токиодо олимпиада болот. Олимпиадалык спортту түшүнгөн кесипкөй адамыңар барбы араңарда? 778 199 9ХХ

“Республика”: Мен дзюдо спорту менен машыгып жүрдүм, бул олимпядалык спорт түрүнө кирет. Албетте колдоо болушу керек. Ар бир мамлекет дүйнө аренасында өзүн мыкты жактары менен көрсөткүсү, жеңиштерди багындыргысы келет. Булар жалпысынан чет өлкөлүктөрдүн арасында биз жөнүндө көз карашты калыптандырат, ошого жараша бизге мамилек кылат, иштешет. Бирок спортчулар дүйнөгө даңтап аткан учурда, бизди тескери уят кылган депутаттарды шайлоо кандай болуп калат?

Эгер шайлодон өтүп калсаңыздар эмнеден баштайт элеңиздер? 0776 971 9ХХ

“Ыйман Нуру”: Биздин партяи тарабынан даярдалган 10 мыйзам долбоорло бар, ошолорду демилгелеп иштеп баштайбыз.

Баардык талапкерлерге суроо: азыркы Жогорку Кенештин спикеринин иши талапка жооп береби? 500 228 8ХХ

“Республика”: Жок, жооп бербейт. Жогорку Кенештин торагасы бул мамлекетте экинин бир, ал жака өтө билимдуу, тажрыйбалуу адам келиши керек. Аны көрүп чет мамлекетте жалпы элдин керек болсо жүзү катары баалашат.

“Ыйман Нуру”: жооп бербейт.

Мекен Ынтымагына: Сизге өкмөттөн жогорку даражадагы жумуш орду сунушталды беле Нуржигит Кадырбеков, Улукбек Кочкоровго сунушталгандай. 700 721 0ХХ

"Мекен-Ынтымагы" саясий партиясыны Парламенттке, Аткаруу бийлигине мамлекеттин жалпы өнүгүшү учүн өз сунуштарын берип келет. Эгерде аткаруу бийлиги биздин сунуштарыбызды кабал алса кызматташууга даярбыз.

Саламатсыздарбы! Кыргызстандын мыйзамына өлүм жазасын киргизсе пара корлорго, жемкорлорго, озгочо педофилдерге! Ушуга кандай карайсыздар? 0706 187 4ХХ

“Ыйман Нуру”: Биз эл аралык конвенцияларга мүчө болгондуктан бул маселени чечүүдө бул жагдайды караш керек. Биздин ойубузча буга жеткирбей турган система куруш керек.

“Мекен Ынтымагы”: Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлүм жазасы тыюу салынгын. Оор кылмыштар үчүн өмүр боюу  укугунан ажыратуу каралган. Мамлекеттик саясат кылмыш жасалгандан кийин жазалоо гана эмес, кылмыш кылмыш кылууну алдын алуу.

Суроо баарына: Бөлкө нандын баасы, 1 кВт светтин баасы жана маршруткадагы жол кире баасы канча? 0705 707 3ХХ

“Ыйман Нуру”: Бөлкө нандын баасы сортуна жана көлөмүнө жараша 10 сомдон 30 сомго чейин, 1 Квт баасы 700киловатка чейин 77 тыйын, андан кийин 2 сом 24 тыйын, маршрутканын баасы саат 21:00га чейин 10 сом, андан кийин 12 сом

“Мекен Ынтымагы”: Бөлкө нан ундун сортуна жараша 12 сомдон 25 сомго чейин. 1 кВт. электр энергиясы жөнөкөй жарандар үчүн 700 кВт. чейин 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,24 тыйын. Коомдук траснпорттун баасы 10 сом.

Суроо баарына: Саламатсыздарбы! Кыргызстандын мыйзамына өлүм жазасын киргизсе пара корлорго, жемкорлорго, озгочо педофилдерге! Ушуга кандай карайсыздар? 0706 187 4ХХ

“Кыргызстан”: биз колдойбуз, бирок ал үчүн конституцияга өзгөртүү киргизиш керек.

Баардык партияларга: Канткенде Билим берүү системасын өзгөртө алабыз? Чоң рахмат 551 654 0ХХ

“Ыйман Нуру”: Билим берүү системасын сапатын жогорулатуу үчүн ал жакка тийштүү акча бөлүнүш керек жана ал системанын продукты катары болгон бүтүрүүчүлөргө талап чоң болуш керек, ал талапты жеке бизнес жаратыш керек, жеке бизнес кеңеиш керек.

Кыргызстан партиясы балага суйунчу пул 50000 сом өлчөмүндө төлөп берерин убадалап жатат. Кыргызстанда күнүнө 460 ымыркай жарык дүйнөгө келет. Жылына 460 балага 460*365=8 395 000 000 сом керектелет. Бул сумманы кай жактан аласынар жана канча жыл 50000 сомдон суйунчу пул төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жетет. 0703 783 0ХХ

“Кыргызстан”: таможняны тартипке салсак андан дагы көп тапса болот.

Жарандык паспортко кайра кыргыз улутун алып келүү жөнүндө сөз айткан жоксуңар. Биздин паспортко улуттун жазылышы сиздер канчалык маанилүү? 778 268 1ХХ

“Ыйман Нуру”: Сыртка чыгууда колдонгон жалпы жарандык паспорто сөзсүз керек, ички паспорто жаңы форматында маалымат катары ичинде болсо, анда ал паспорту колдонууга бүт шарттар болуш керек.

Канткенде Билим берүү системасын өзгөртө алабыз? Чоң рахмат 551 654 0ХХ

“Мекен Ынтымагы”: Билим берүү системасындагы билим сапатын жогорулатуу үчүн комплекстүү карашыбыз керек. Жеке менчик окуу жайларындагы билим сапаты менен мамлекеттик билим берүүдөгү айырмачылык айгине. Бул окутуучулардын айлык акысына социалдык камсыздоосуна, көз каранды. Биздин партия бул маселени чечүү үчүн өз программабызда көрсөтүлгөн сунуштарыбыз бар.

Евразиялык интеграцияны кандай тушуносуздор???Жакында "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айланасында жанжал которулду. Ушул окуя боюнча позицияныздар кандай?? +1 562 552 28 ХХ

“Ыйман Нуру”: Кандай гана интеграциялык процесстер болсо да, биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары, биздин бизнестин кызыкчылыгы алдыга койлуш керек жана бул процесстерге даярданып анан киришибиз керек.

Евразиялык интеграцияны кандай тушуносуздор???Жакында "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айланасында жанжал которулду. Ушул окуя боюнча позицияныздар кандай?? +1 562 552 28 ХХ

“Республика”: Мамлекеттин эгемендүүлүгү баа жеткис дөөлөт, биз көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

“Ыйман Нуру”: Биздин суверенитет баа жеткис байлык, аны биз сактап жүрүшүбүз керек.

“Мекен Ынтымагы”: Мамлекеттин коопсуздугу жана эгемендиги баардыгыбыз үчүн ыйык. Евразиялык интеграция экономикалык, маданий багытта болушу керек.

Жарандык паспортко кайра кыргыз улутун алып келүү жөнүндө сөз айткан жоксуңар. Биздин паспортко улуттун жазылышы сиздер канчалык маанилүү? 778 268 1ХХ

“Кыргызстан”: аны кайра киргизүү маселесин карап талкуулар киргиүүгө биз даярбыз.

Президенттин ишине кандай баа бересиздер? 555 103 1ХХ

“Ыйман Нуру: Президент өзүнө караган сырткы саясатты татыктуу деңгеелде алып бара жатат, бирок ошол эле учурда элдин көпчүлүгүнүн ишенимин алган киши катары чарбалык маселелрди өкмөттөн каттуу талап койуу менен иштеш керек.

Акыркы 5 жылдыкта эл учун, Мекен учун чын дили менен кызмат кылган, сиздер ишеним корсоткон 5 саясаттагы инсанды айтып берсениз? 505 032 7ХХ

“Республика”: Омурбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Алтынай Омурбекова, Мирлан Жеенчороев, Кенжебек Бокоев.

Вопрос к партии Кыргызстан: вы много упоминаете про цифровизацию. Этот год был объявлен годом цифровизации и у вашей партии были мандаты 6 созыва ЖК. Почему простые люди все ещё не видят плоды ваших работ ?! +1 562 552 28 ХХ

“Кыргызстан”: элементарный результат нашей цифровизации является запись ребенка в школу и в детский сад через интернет, получение гос услуг через интернет, проект безопасный город и оплата за штрафы, комуслуги и т.д. можно перечислить многие результаты.

Менин суроом Бир Болго Сиздердин партияларыңарда жалаң гана саясатчылар эмес спортмендерго. Сиздер кантип парламентти башкарасыздар же күч мененби? 0773 794 8ХХ

“Бир Бол”: Карапайым эл тилекке каршы спортсмен менен ОПГны айырмалай албай калган, негизинен ОПГга каршы чыныгы күрөшкөндөр бул ийгиликтүү спортсмендер. Бизде командада эки эле спортсмен бар калганы юристер жана экономистер, 97% жаңы жүздөр.

Суу өмүр булагы деп айтат, Нарын дарыясы Токтогул ГЭСине куят, ошол сууну кантип туура пайдаланып, светтин баасын 50 тыйынга тушурсо болобу? 0509 464 7ХХ

“Ыйман Нуру”: Светке болгон тарифтин түзүмүн өзгөртсө, анда бул тармактын эффективдүүлүгүн көтөрүп жаңы ГЭСтерди курса болот. Андан кийин аган тарифти түшүрүү маселесин караса болот.

“Мекен Ынтымагы”: Элдин электрдик керектөө жыл сайын 5% га өсөт. Жыл сайын кошумча  кубаттулукту ишке киргизишибиз керек. Эл аралык CASA 1000 программасынын алкагынында экспортко электр энергия сатышыбыз керек. Бул маселени чечүү үчүн гидро потенциалыбыздын мүмкүнчулүгун толук колдоношубуз керек.

Во многих партиях кандидаты имеют уголовное прошлое, а то и вовсе связь с криминальным оттенком. Как могут такие кандидаты иметь законное и моральное право баллотироваться в выборах? 551 950 0ХХ

“Республика”: Людям кто имеет связь с криминальным миром доступ в парламент должен быть ограничен. Это вопрос национальной безопасности.

Акыркы 5 жылдыкта эл учун, Мекен учун чын дили менен кызмат кылган, сиздер ишеним корсоткон 5 саясаттагы инсанды айтып берсениз? 505 032 7ХХ

“Ыйман Нуру”: Биздин партия жаңы партия, биздин ийгиликтер алдыда, ошондуктан биздин партия 5 жылдан кийин гана сизге бул суроого өзүнүн депутаттары тууралу жана өкмөт мүчөлөр тууралуу айтып бере алабыз.

Суроо баарына: 120 депутат кичинекей Кыргызстан үчүн көптүк кылбайбы? Депутаттардын санын кыскартууга кандай карайсыздар? 0709 160 3ХХ

“Ыйман Нуру”: Депутаттардын санына эмес алардын сапатына көңүл буралы, бул процессти сиздер шайлоочулар чечесиздер, туура тандоо жасаңыздар! Биздин партияны шайлаңыз!

“Бир Бол”: Парламентаризмге балта чабыш үчүн бул сөз айтылып келет, 60 кишини сатып алуу, аларды коркутуу оңой болот. Биз чыныгы Парламентаризмге жетишибиз керек.

Тарых үчүн Бакиевди алып келип жазага тартуу боюнча кимдин кандай оюу бар? 0990 355 1ХХ

“Ыйман Нуру”: Жазага тартуу керек, соттун чечими бар бул боюнча.

WhatsApp суроо - жооптордун 1- бөлүгүнө  өтүү үчүн бул жерди басыңыз.