Жаңылыктар
Кайсы ооруканада орган алмаштырылат?
Новости Кыргызстана

Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасынын базасында орган алмаштыруу боюнча операциялар жасала башташы мүмкүн. Бүгүн Кыргызстан менен Түркиянын саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү жолугуп, келишимге өзгөртүү киргизүү, трансплантациялоого кетчү дары-дармек менен камсыз кылуу, кадрларды даярдоо жаатында сүйлөштү.