Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү өзгөртүүсүз калды
Новость

 Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калды. Мындай чечимди Аскаровдун ишин карап жаткан Чүй облустук соту чыгарды.

 Эске салсак, өткөн жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети кыргыз өкмөтүнө Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу талабын коюп, 2016-жылы июль айында Жогорку Сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу териштирүүнү Чүй облустук сотуна жиберген. Адистер - Аскаровдун айыбы буга чейин эле далилденгенин, мыйзам чегинде акыйкат чечим чыкканын белгилешүүдө. 

POST1RIGHT Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук териштирүүлөр 10-январда аяктап, өкүмдү угузуу гана калган. Сот кеңешмеге бир жума убакытка кеткен, бирок кылмыш иши олуттуу болгондуктан акыркы чечимди чыгарууга көбүрөөк убакыт талап кылынгандай. 

Сот өкүмдү туура эки саат окуду. Жыйынтыгында Азимжан Аскаровго карата Базар-Коргон райондук сотунун чечими күчүндө калганы белгилүү болду. Райондук соттун өкүмү Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүү болгон.
Өкүм угузулуп, соттук процесс аяктаган соң Аскаровдун жактоочулары кийинки инстанцияларга арыз даттануу менен кайрыларын билдиришти. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова судьялар кеңешме үчүн эки жума убакыт алганына нааразы.
 Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан, башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Буга чейин бир катар күбөлөр да соттук отурумда Аскаровду улут аралык жаңжал учурунда чагымчылык кылып жүргөнү боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен.